КР менен РФнын Свердлов облусу билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады 
30 май

КР менен РФнын Свердлов облусу билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады 

Билим берүү жана илим министрлигинде 29-майда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун ортосундагы билим берүү жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналган жолугушуу болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Жолугушуунун максаты биргелешкен иштин келечегин, ийгиликтүү тажрыйбаларды алмашууну, ошондой эле потенциалдуу эки тараптуу долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулоо болду.

Жолугушууда тараптар билим берүү системаларын өнүктүрүү, тарбия ишин уюштуруу маселелерин карап чыгышты, ошондой эле жаштарды колдоого жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.