Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата үч мектеп пайдаланууга берилет
19 август

Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата үч мектеп пайдаланууга берилет

Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата үч мектеп пайдаланууга берилет.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, алар:

  • Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Ай-Көл айылындагы, 225 орундуу “Наркозу Батыров” атындагы орто мектеби.
  • Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Бешкент айылындагы 500 орундуу “Келечек” атындагы орто мектеби.
  • Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу “Жаш тилек” орто мектеби.

Мындан сырткары, облуста 6 билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Алар;

  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылындагы “Таир Жолдошев” атындагы орто мектеби
  • Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Кон айылындагы “Абдыкадыр Орозбеков” атындагы орто мектеби
  • Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби
  • Баткен шаарындагы “Жоомарт Бөкөнбаев” атындагы орто мектеби
  • Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында жайгашкан “Жоогазын” балдар бакчасы
  • Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылында жайгашкан “Шумкар” балдар бакчасы