Токмокто жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылат
Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылганы турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11-сентябрда билдирди.
Академия диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы бүгүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.
Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири – дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы азыркы заманда ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кантип кирип кеткенин билбей жатышканын өзгөчө белгиледи.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров руханий лидерлердин негизги милдеттеринин бири жаш муунду ата-бабаларыбыздан калган салттуу диний баалуулуктардын негизинде тарбиялоо экенин баса көрсөттү. Ал коомго ар кандай тескери агымдарга азгырылбаган, ыйманы таза, ар кыл билимге эгедер, нарк-насилге сугарылган, сабаттуу жаштар керектигин ырастады.
Президент өз сөзүндө руханий лидерлерди жаштарды радикалдык агымдардан сактоо, аларга туура насаат жана улуттук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү билим берүү боюнча активдүү иштөөгө чакырды.
