Окуучу сабалган видеодон кийин мектеп директору кызматтан бошотулду
видеодон алынган кадр
9 июль

Окуучу сабалган видеодон кийин мектеп директору кызматтан бошотулду

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектеп окуучусунун сабалышы тууралуу үн катты. 

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, аталган окуя 2026-жылдын 29-майында Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болгон.

Учурда бул факт боюнча КР Ички иштер министрлиги тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан улам директор кызматынан бошотулуп, учурда билим берүү уюмунда жаңы директор иш алып барууда.