Бишкектеги мектептердин базасында жайкы лагерлер өз ишин баштады
Бишкек шаарында күн мурун, 3-июнда 39 жалпы билим берүүчү мектептин базасында уюштурулган жайкы лагерлер өз ишин баштады.
Мэриядан кабарлашкандай, жайкы мезгилде 4 880 бала эс алуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз болот.
Окуучулар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, өнүктүрүүчү сабактар, спорттук оюндар жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, ден соолугун чыңдоого жана жайкы каникул мезгилиндеги мазмундуу эс алуусун уюштурууга багытталган ар түрдүү иш-чаралар даярдалган.
Мектеп окуучуларынын коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулган. Лагердин катышуучулары үчүн күнүнө эки маал тамактануу уюштурулган.
Жайкы лагерлердин иши балдардын каникулду кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүсүнө, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
