Индира Куралбекова: Кыргызстанда күн, шамал станцияларынын адистери даярдалат
Бишкектеги №100 лицейге 25-октябрда 85 жыл толду. Бул белгилүү датага карата окуу жайындагы Жашыл энергетика борборунун ачылышы болду. Эми бул борбордо күндөн, шамалдан энергетика алуу багытындагы адистер билим алышат. Лицейдин директору Индира Куралбекованын айтымында, энергетика жаатындагы реформага айланган жашыл энергетика боюнча адистикти түптөө бир топ кыйынчылыктар менен ишке ашты.
“Анткени, бул нерсе Кыргызстанга жаңы келип жатат. Илимий чөйрө да тааныш эмес. Жабдуулардын баарын чет өлкөдөн алып келүүгө туура келди. Аны алып келүү, бажыдан алып өтүү көп убакытты алган түйшүктүү процесс болду. Айрым учурда биз буга даяр эмес экенбиз деп, таштап койгум келди. Бирок биз, аялдар өжөр болот эмеспизби, баштаган ишти аягына чыгарууга болгон каалоом баарын жеңди”, – деди Куралбекова.
Айтымында, бул Кыргызстандын тарыхында жашыл энергетикага байланышкан кадрлар үчүн алгачкы окуу борбору. Айрым окуу жайларында күн станциялары боюнча адистерди даярдашат, бирок ал жактан бир гана инженерлер чыгат. Ал эми лицей ошол станциялардын кара жумушун: орнотуу, буроо, ширетүүсүн аткара турган адистерди даярдайт, алар жасаган нерсени инженерлер ишке берүүгө даярдайт.
“Бир ирет ишкерлер менен сүйлөшүп калсам, алар күн панелдерин Кыргызстанга сатабыз деп алып келип, бирок бул тармакта адистердин жоктугунан улам товарлары өтпөй калышканын айтышты. Сатып алган адам орнотуп бер деген талабын айтат, а орното турган адис өлкө боюнча жок. Аны угуп ойлондум. Ар бир реформаны жүзөгө ашыраардын алдында бул реформаны ким жасайт деген суроо беришибиз керек. Мисалы, бизде лифт заводу бар, бирок аны билген адистер жок, айласыздан кадрларды чет өлкөдөн алып келип, иштетип жатышат. Энергетикалык реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн эң биринчи фундаменттик кадрларды даярдаш керек. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз республиканын бардык аймактарындагы энергетикалык объектилерде калкты тейлеп иштеп жатышат. Эми алардын катарына күн, шамал панелдери боюнча адистерибиз кошулат. Окутуу процесси бир айдын ичинде башталат”, – деди директор.
Ал кошумчалагандай, дүйнө жүзү кабылып жаткан климаттык өзгөрүүнүн айынан, келечекте планета суу таңкыстыгы дуушар болот. Ошондуктан, алдын ала ага даярдык көрүп, күндөн, шамалдан, таштандыдан, жер алдындагы суулардан энергетика алуу багытындагы адистерди окутуу шарт.
