ЖРТга даярдануу үчүн "Булак" тиркемесини катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты
www
7 апрель

ЖРТга даярдануу үчүн "Булак" тиркемесини катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоочу “Булак” акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны азыр 61 миңден ашты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроолору бар. Окуучулар өткөн тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Активдүү колдонуучулардын саны акыркы 7 күн ичинде 50,694 адамды түздү.

Колдонуучулардын региондук бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
• Жалал-Абад облусу– 9,389 
• Бишкек шаары– 9,145 
• Ош шаары– 8,885 
• Чүй облусу– 8,871 
• Баткен облусу– 6,648 
• Ысык-Көл облусу– 6,634 
• Ош облусу– 5,767 
• Нарын облусу– 3,507 
• Талас облусу – 2,639

Белгилей кетсек, “Булак” мобилдик тиркемеси мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу машыгуу тапшырмалары аркылуу ЖРТга даярданууга жардам берет. Ошондой эле ал бардык окуучулар үчүн, анын ичинде акы төлөнүүчү даярдоо курстарына жеткиликтүүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк түзөт.