120нын ичинен 101-орун: Кыргызстан англис тилин эң төмөнкү деңгээлде билген өлкөлөрдүн катарына кирет
28 январь

120нын ичинен 101-орун: Кыргызстан англис тилин эң төмөнкү деңгээлде билген өлкөлөрдүн катарына кирет

EF English Proficiency Index (EF EPI) жыл сайын түзүлүүчү рейтингине ылайык, Кыргызстан өткөн жылы дүйнөнүн 120 өлкөсүнүн ичинен 101-орунду ээледи. Өлкө 443 упай топтогон, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн (488 упай) 14 пунктка төмөн.

Салыштыруу үчүн айтсак, мурунку жылы Кыргызстан 457 упай алган.

EF EPI индекси англис тилин чоңдордун канчалык деңгээлде билерин өлчөйт жана өлкөлөрдү тил билүү деңгээли боюнча 6 категорияга (CEFR) бөлөт. Англис тили дүйнөдө эң көп окутулган чет тили бойдон калууда: Европадагы окуучулардын 97 пайызы англис тилин үйрөнөт, ал эми чет тил үйрөнгөндөрдүн 90 пайыздан ашыгы жыл сайын дал ушул англис тилин тандашат.

@geostatistica Telegram-каналынын маалыматына ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

Грузия – 541 упай (35-орун)
Беларусь – 533 упай (41-орун)
Молдова – 531 упай (43-орун)
Украина – 526 упай (45-орун)
Россия – 521 упай (49-орун)
Армения – 515 упай (56-орун)
Түркмөнстан – 456 упай (91-орун)
Азербайжан – 454 упай (94-орун)
Кыргызстан – 443 упай (101-орун)
Өзбекстан – 429 упай (104-орун)
Казакстан – 417 упай (107-орун)
Тажикстан – 409 упай (110-орун)

Англис тилин билүү деңгээли өтө төмөн болгон өлкөлөрдүн (Very low proficiency) катарында Кыргызстан, Афганистан (446), Камерун (445) жана Сенегал (442) менен коңшу орундарда турат.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында англис тилин окутуу системасын жаңылоо тууралуу туруктуу түрдө маалымат берип келет. Ведомствонун маалыматы боюнча, жаңы окуу китептери жана программалар практикага багытталган ыкмаларды колдонууга, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана окуучулардын мотивациясын жогорулатууга багытталган.

2025-жылга карата мамлекет тарабынан окуу китептерин чыгарууга 744 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2025–2026-окуу жылында 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди болжол менен 2,3 млн нускада, 350 млн сомдон ашык каражатка чыгаруу пландалууда.