Мамлекеттик кызмат жөнүндө жаңы мыйзам боюнча окутуу өткөрүлдү
Бүгүн, Бишкек шаарында министрликтердин, ведомстволордун, агенттиктердин жана мэриянын аппараттарындагы адам ресурстарын башкаруу бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Окутууда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасына ылайык агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Сыртбаева (отдел кадрларга) жаңы мыйзамдагы негизги жоболорду түшүндүрүп, бюрократияны кыскартуу жана кадр саясатын жөнөкөйлөтүү максатында кабыл алынган реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.
Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр:
- Кызматка кирүү шарттары жеңилдетилди
- Квалификациялык талаптар кайра каралып чыгып, мамлекеттик жарандык кызматка өтүүдө ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар алынып салынды.
- Конкурстук тандоо борборлоштурулат
Ар бир орган өзүнчө конкурс өткөрбөйт. Эми борборлоштурулган конкурстук система аркылуу тандалган талапкерлер башка органдарга да кайра сынаксыз дайындала алышат. Бул убакытты үнөмдөп, тандоонун ачык-айкындыгын камсыздайт.
Ыкчам адистерди тартууга шарт түзүлөт
Министрликтерге борбордук аппараттагы кызматтардын 10% чейин өзгөчө тартип менен кызматкерлерди дайындоого укук берилет. Бул чара артыкчылыктуу милдеттерди тез арада аткаруу үчүн зарыл адистерди тартууга мүмкүндүк берет.
Дисциплинардык чаралар такталды
Мамлекеттик кызматчыларга тартиптик чараларды колдонуу механизми так аныкталды. Ишенимден чыккан же өз милдеттерин аткарбаган кызматкерлер кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу системасын заманбап талаптарга ылайык реформалоого жана мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталып жаңы мыйзам кабыл алынган.
