Кыргызстанда төрт мыкты тарбиячы тандалып, аларга президенттик фонддон сыйлык берилет
сүрөт: depositphotos.com
4 сентябрь

Кыргызстанда төрт мыкты тарбиячы тандалып, аларга президенттик фонддон сыйлык берилет

Бишкек шаарында 23–25-сентябрь күндөрү «Жылдын тарбиячысы» республикалык сынагынын финалдык этабы өтөт. Ага облустук жана шаардык тандоо этаптарынан өткөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат.

Сынак төрт номинация боюнча өткөрүлөт: тарбиячы, усулчу, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи.

Катышуучулар үч этаптан өтүшөт.

Биринчи этапта алар кесиптик ишмердиги, ата-энелер менен иштөөсү тууралуу видеопрезентация жасап, портфолиосун сунуштайт. Экинчи этапта тестирлөөдөн өтүп, педагогикалык кырдаалдар боюнча тапшырмаларды аткарышат.

Жыйынтыктоочу этапта катышуучулар санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс өткөрүшөт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты төрт педагогго Кыргызстандын президентинин фондунан акчалай сыйлык берилет.

Жогорку упай топтоп, байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар ведомстволук сыйлыктар жана Агартуу министрлигинин дипломдору менен да сыйланат. Калган катышуучуларга сынакка катышкандыгы тууралуу сертификат тапшырылат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда Бишкек шаарында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында өтөт.