Кыргызстандык мугалим КМШдагы мыкты педагог аталды
Агартуу министрлиги
26 март

Кыргызстандык мугалим КМШдагы мыкты педагог аталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду. 

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, анда ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн.

Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өтүп, анын жыйынтыгында А. Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.

Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.