Баткенде 500 орундуу мектеп курулду
Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Бешкент айылында “Келечек” атындагы орто мектебинин курулушу аяктады.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, заманбап мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Учурда мектепти эмеректер менен касыздоо, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт. Типтүү мектепте балдардын спорт менен машыгуусу үчүн спорттук залы, тамактануусу үчүн ашканасы бар.
Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 167 млн 700 миң сом каралып, Баткен облустук капиталык курулуш башкармалыгы тарабынан курулду.
