Бишкектеги №88 мектептин жаңы окуу корпусу жакында пайдаланууга берилет
4 сентябрь

Бишкектеги №88 мектептин жаңы окуу корпусу жакында пайдаланууга берилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жайгашкан №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп, курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус заманбап талаптарга жооп берген 3 кабаттуу мектеп имараты болуп, бардык зарыл шарттар менен камсыздалууда. Объекттин жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган.