Исатбек кызы студенттердин онлайн-окуусуна нааразы болду
10 сентябрь

Исатбек кызы студенттердин онлайн-окуусуна нааразы болду

Бишкекте жол тыгынын азайтуу максатында окуу жайлардын студенттери 15-сентябрга чейин онлайн окууга өткөрүлгөн (медициналык окуу жайлардан башкасы).  Депутат Аида Исатбек кызынын Жогорку Кеңештин жыйынында айтканына караганда, онлайн окуу деп аталганы гана болбосо, эч кандай окуу жүргүзүлгөн жок. 

Ал Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Алмас Абытовго кайрылды: 

“Бүгүнкү күндө студенттерде же интернет жок же онлайн окуу жүргүзүлбөй жатат. Агартуу министрлигине тапшырма бериңиз, 10-сентябрь болуп калды, бирок студенттер окуп жатабы же жокпу, белгисиз”, – деди ал.