Ошто мугалимдердин Август педагогикалык кеңешмеси башталды
18 август

Ошто мугалимдердин Август педагогикалык кеңешмеси башталды

Ошто мугалимдердин Август педагогикалык форуму башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

«Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» урааны астында өтүп жаткан иш-чара эки күнгө созулат — 18-19-август. 

Форумга Кыргызстандагы билим берүүнүн келечегин талкуулоо үчүн мугалимдер, мектеп директорлору, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чогулду. 

Панелдик талкууларда 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жаңы окуу китептерин чыгаруу, кошумча билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо сыяктуу эң маанилүү темалар талкууланат.

Секциялардагы жолугушууларда педагогдор, практиктер, билим берүү жаатындагы эксперттер жана жетекчилер тажрыйба алмашып, курч маселелерди чечүү жолдорун издешет.

Жаңы ыкмалар иш жүзүндө кантип киргизилип жатканын көрсөтүү үчүн Ош шаарындагы билим берүү уюмдарына экскурсиялар да уюштурулат.

Форум билим берүүнү өнүктүрүүдөгү андан аркы кадамдар үчүн багыт боло турган резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталат.