Бишкектин Биримдик-Кут конушуна 750 орундуу мектеп курулат
Эскиздик сүрөт
10 сентябрь

Бишкектин Биримдик-Кут конушуна 750 орундуу мектеп курулат

Бишкек шаарындагы административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында Свердлов районунун курамына кирген Лебединовка айылынын Биримдик-Кут жаңы конушунда жалпы билим берүүчү жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлү алдында, Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылат.

Долбоор боюнча мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып, үч кабаттуу окуу корпусунан жана эки блоктон турат. Курулуш иштери 2026-жылы башталат. Объектинин жалпы аянты — 8 705,16 м².

Бүгүнкү күндө мектепке тиешелүү долбоорлоо-сметалык документация (ДСД) толугу менен даярдалган.

Белгилей кетсек, бул мектеп “Биримдик-Кут” конушунун гана эмес, ага жакын жайгашкан “Айкөл” конушунун да окуучуларын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.