Жалал-Абад шаарында мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө
18 август

Жалал-Абад шаарында мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган комиссия курамы шаардагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборунан кабарлашкандай, мектептерди актап-сырдоо, жаңы окуу жылына карата даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 12 млн. сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 7 млн. 298 миң сом бөлүнүп берилген.

Жалал-Абад шаарында жалпы 28 муниципалдык мектеп бар.