Кыргызстанда «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын порталы ишке кирди
Кыргызстанда 11-майдан тартып «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын расмий порталы өз ишин баштады. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирет.
Эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат.
«Эл үмүтү» президенттик стипендиясы Кыргызстандын таланттуу жана келечектүү жаштарын колдоого, сапаттуу билим алууга шарт түзүүгө жана жаш жарандардын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.
Документтерди кабыл алуу программанын расмий порталы аркылуу жүргүзүлөт: https://umut.edu.gov.kg/index.kg.html
Арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү, тандоо этаптары жана талапкерлерге коюлган талаптар боюнча бардык маалыматтар платформада жеткиликтүү.
