Тизмедеги “сыйкыр”. Депутат Агартуу министрлигиндеги акыйкатсыздык тууралуу айтты
www
3 июнь

Тизмедеги “сыйкыр”. Депутат Агартуу министрлигиндеги акыйкатсыздык тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев өлкөдөгү лицейлердин имараттарын оңдоо боюнча тизме “сыйкырдуу жол” менен өзгөрүп кеткенин айтты. 

Ал белгилегендей, буга чейин Лейлек районундагы №48 лицей боюнча маселе көтөргөн.

Ал лицейдин жатаканасы абдан начар, ӨКМ авариялык абалда деген корутунду чыгарган.

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен чогуу жеринде болуп, абалды көргөндөн кийин жаңылоого муктаж болгон лицейлердин тизмесине киргизилген. 

“Ал тизмеге өлкөнүн 7 облусундагы ушул сыяктуу жаңылоого муктаж болгон лицейлер киргизилген. Агартуу министрлиги мага “тизмеге кирди” деген расмий кат да жөнөткөн. Бирок оңдоо иштери башталаар алдында кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен мен айтып жаткан лицей тизмеден чыгып калыптыр. Жакында лицейдин эмгек жамааты, окуучулары менен жолугуштум, баары акыйкатсыздык болду деп айтып жатышат”, – деди депутат. 

Ал ошондой эле бул маселени президент Садыр Жапаровго жана МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевге “жеткирип коюуну” суранды.