Борбор Азиянын окуучулары МГИМОго акысыз тапшыра алышат
Борбордук Азиянын окуучулары МГИМОго акысыз тапшыра алышат
31-октябрга чейин МГИМОнун Эл аралык мектеп олимпиадасына катышууга арыз тапшырууга болот. Конкурста жеңишке жеткендер бакалавриатта бюджеттик орунга ээ болуп окуй алышат.
Олимпиада орус жана англис тилдеринде өтөт. Тестирлөөдөн орус жана англис тилдери боюнча билим, ошондой эле география, дүйнөлүк тарых жана эл аралык мамилелер боюнча жалпы эрудиция текшерилет.
