Ошто Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имараты ачылды
29 август

Ошто Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имараты ачылды

Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. 

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана Россиядан келген атайын коноктор катышты. 

Мектептин эски имараты авариялык абалда болгон, 2022-жылы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө ал бузулуп, кайрадан курула баштаган.

Жаңы билим берүү комплекси 2,13 гектар жерге курулган. Мектеп 700 окуучуга, жатакана 500 орунга ылайыкташкан.