Бекешев студенттерге контрагын төлөөгө жеңилдетилген пайыз менен кредит берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайлардын контрагы барган сайын өсүп баратканын эске салып, мындай жагдайда билимге умтулган жаштарга мамлекет кандайдыр бир жеңилдиктерди бериши керектигин белгиледи.
Ал агро тармакка 3 пайыз менен жеңилдетилген кредиттер берилип жатканын билдирди.
“Мал багуу, өсүмдүк өстүрүүгө жеңилдетилген кредиттерди берип жатабыз. А эмнеге адамга билим алышы үчүн жеңилдетилген пайыз менен кредит бере албайбыз? Мамлекет үчүн актуалдуу болгон багыттар боюнча, мисалы, дарыгерлик, санариптештирүү, ЖИ, мугалим ж.б. билим алган жаштарга 3 пайыздык кредиттерди беришибиз керек. Мындай багыттар абдан көп”, – деди депутат.
Ошондой эле ал стипендия унутта калганын белгиледи.
“Биз аны унутуп койдук. Бүгүнкү күндө окууда ийгилик жараткан студенттер 800 сом стипендия алышат. Бул эмне деген акча”, – деди ал.
