Ош шаарындагы ”Мээрим” бала бакчасы жакында пайдаланууга берилет
Ош шаарындагы ”Мээрим” бала бакчасы жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев аталган бала бакчага барып, курулуш иштерин жеринен көрдү.
Шаар башчысы мекемени оңдоп-түзөө иштерин тездетип, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.
