Кыргызстандагы кесиптик лицейлерге "Э-Күндөлүк" санариптик системасы киргизилүүдө
14 октябрь

Кыргызстандагы кесиптик лицейлерге "Э-Күндөлүк" санариптик системасы киргизилүүдө

Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-октябрда №98 кесиптик лицейинде “Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүн ишке киргизүү процесси менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Министрдин орун басары лицейлерге “Э-Күндөлүк” программасын киргизүү студенттердин санын так аныктоого, алардын сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө жана окутуунун жалпы сапатын талдоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Санариптик платформаны пайдалануу мамлекеттик бюджеттен кесиптик лицейлерди өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын пайдалануу натыйжалуулугун ачык-айкын мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди Лира Самыкбаева.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта өлкөнүн башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында “Э-Күндөлүк” санариптик системасын киргизүү боюнча иштер башталган.

Электрондук күндөлүк көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы (СКУД) менен бириктирилет. Учурда системанын толук кандуу иштешине зарыл болгон маалыматтар киргизилүүдө.