Жеке менчик бала бакчаларга баланы ваучердик система менен жайгаштыруу аймактарга да жайылтылат
9 сентябрь

Жеке менчик бала бакчаларга баланы ваучердик система менен жайгаштыруу аймактарга да жайылтылат

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, 2025-жылы өлкөдө 25 645 бала мектепке чейинки өнүгүү кызматына тартылып, бала бакчаларда 985 кошумча тайпалар ачылды. Бул 2 131 айымды жумуш орду менен камсыз кылды. 

“Бул бала үчүн да, үй-бүлөлөр үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк. Бала бакчаларды көбөйтүү максатында, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында үй тибиндеги жеке бала бакчаларды ачууга жеңилдиктер каралды. Бала бакча ачат элем деген ишкерлерге бул чоң мүмкүнчүлүк”, – деди министр. 

Айтымында, мектеп жашына чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүүгө толук кандуу тартуу үчүн, мамлекеттик бала бакчалардагы орун жетишсиздигин жоюу максатында, ваучердик система ишке кирген. Бул башкача айтканда, баланын артынан ээрчип баруучу акча. 

“Социалдык өзгөчө камкордукка алынган балдарды жеке менчик бала бакчаларга жайгаштырууда ваучердик система орун алууда. Азыр пилоттук негизде 1000 квота берилген болчу, 626 өтүнмө келип түшүп, ошончо бала жеке менчик бала бакчага берилди. Эми бул системаны аймактарга да жайылталы деп жатабыз”, – деди Кендирбаева.