Нарын районунда жаңы мектептин курулушу башталдыь
20 июнь

Нарын районунда жаңы мектептин курулушу башталдыь

Нарын районунун Жылан-Арык айылында 150 окуучуга ылайыкталган К. Жусупов атындагы жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоорго ылайык, мектеп үч блоктон турат: окуу корпусу, өтмө галерея жана спорттук зал.

Объекттин жалпы аянты — 1281 чарчы метрди түзөт.