Таласта 900 орундуу мектеп курулууда
Талас шаарында 900 орундуу заманбап мектеп курулууда . Имарат Бердике баатыр көчөсүндөгү эски автобазанын аймагындагы жерге салынууда. Билим уяны курууга “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаевдин үй-бүлөсү демөөрчү болгон. Жалпы долбоордун наркы 258 миллион сом.
Мектептин ичинде спорт зал, ашкана, 400 орундуу чогулуш залы, ийримдер үчүн өзүнчө класстар, жууна турган жай, ажатканасына чейин болот. Мындан тышкары сыртында эс алууга, спорт менен машыгууга ыӊгайлуу шарттар жасалат.
Долбоор боюнча билим уя 2026-жылдын 1-сентябрында окуучуларга эшигин ачат.
