Ноокат районунда 225 орунга ылайыкталган мектептин курулушу башталды
Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылында 225 окуучуга ылайыкташкан “Каранай” орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Капсула салуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, облус башчысы Элчибек Жантаев катышты.
Билим уясы үч кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо заман талабына ылайык бардык шарты менен курулат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 164 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Белгилей кетсек, Көк-Жардын Каранай айылындагы “Каранай” орто мектептин эски имараты 1990-жылы ишке берилген.
Бүгүнкү күндө эскилиги жеткен мектепте 300гө жакын окуучу билим алат.
