Бишкекте «ШКУ модели» аттуу жаштарды окутуу иш-чарасы өттү
22 декабрь

Бишкекте «ШКУ модели» аттуу жаштарды окутуу иш-чарасы өттү

2025-жылдын 21-декабрында Бишкекте Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «ШКУ модели» аттуу жаштарды окутуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана жаштар уюмдары катышты. Аянтча эл аралык дипломатияны жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууну көздөгөн 100дөн ашуун делегатты – студенттерди жана активисттерди бириктирди. Ал эми, тармактык комитеттердин алкагында экология, экономикалык кызматташтык, маданият, аймактык коопсуздук жана санариптик трансформация сыяктуу негизги маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында коммюникенин долбоорлору иштели чыгып, мыкты делегаттарга «Мыкты баяндама» жана «Мыкты делегат» номинациялары боюнча кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ШКУнун жаштар моделин өткөрүү 2026-жылы ШКУга Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууда маанилүү салым кошту жана эл аралык кызматташтыкта жаштардын активдүү ролун тастыктады.

Моделдин негизги максаты жаштар арасында дипломатиялык ой жүгүртүүнү, лидерлик көндүмдөрүн, коомчулук алдында сүйлөөнү жана командалык ишти өнүктүрүү болгон.