Айтматов районунда мектеп курууда 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
www
2 июнь

Айтматов районунда мектеп курууда 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Талас областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы «Айтбаев» атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

 Тактап айтканда, Талас областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилген.

Аталган факты боюнча Талас областынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.