Ош шаарында 148 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар жана мугалимдер катышты.
Өз куттуктоосунда мэр Жанарбек Акаев шаарда балдар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет катуу экенин, жакын арада балдардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн атайын автобус ишке кирээрин айтты.
Белгилей кетсек, бул мектеп ушу тапта Ош шаарында курулушу жүрүп жаткан 17 билим уясынын бири.
№ 49 негизги билим берүүчү мектеби Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагфнда жайгашып, жаңы кошумча корпус менен жалпы 630 окуучуга ылайыкталды. Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.
