№28 мектеп-комплексинде кадрдык жана финансылык мыйзам бузуулар аныкталды
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ленин районундагы №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана финансылык тармактагы мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, айрым педагогикалык кызматкерлердин билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына шайкеш келбегени, мектеп директорунун орун басарынын педагогикалык билими жок экени же педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өтпөгөнү, ошондой эле айрым кызматкерлерге эмгек милдеттерин иш жүзүндө аткарбаганына карабастан мыйзамсыз түрдө эмгек акы төлөнүп келгени аныкталды. Мындан сырткары, мектепке чейинки бөлүмдө тарбияланып жаткан айрым балдар мекеменин эсептик документтерине киргизилбей, алар үчүн ай сайын төлөнүүчү акча каражаттары кассага кириштелбегени белгилүү болду.
Жогорудагы фактылар боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, мыйзамсыз сарпталган акча каражаттары толугу менен бюджетке кайтарылып, мыйзам бузууга жол берген аталган мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулуп, ал эми билими мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен директордун орун басары да кызматынан бошотулду. Ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселе министрлик тарабынан каралууда.
