Бишкек: Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу
9 сентябрь

Бишкек: Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу

Административдик аймактык реформанын алкагында Свердлов районуна караштуу Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул социалдык маанилүү долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор боюнча жалпы аянты 2 927 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 га түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы курулат, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

Имараттын функционалдык пландаштырылышы коопсуздук жана ыңгайлуулуктун заманбап талаптарына жооп берет. Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.