Республиканын ар кайсы аймактарынан келген 100гө жакын окуучу Улуттук университет менен таанышты
14 январь

Республиканын ар кайсы аймактарынан келген 100гө жакын окуучу Улуттук университет менен таанышты

2025-жылдын 13-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине республиканын ар кайсы аймактарынан 100гө чукул окуучу келип, Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин координаторлору Темирбекова Медина жана Бектурсунова Сумая алар үчүн тааныштыруу экскурсиясын өткөрүштү. Иш-чара мектеп окуучуларын жогорку билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу жана кесиптик багыт берүү максатын көздөйт.

Экскурсиянын алкагында окуучуларга университеттин тарыхы, жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары тууралуу атайын даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, окуу процесси, билим берүү багыттары, заманбап инфраструктурасы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар о.э. кырдаалдык борборго, смарт-класска, заманбап техникалар менен жабдылган аудиториялар менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга маалыматтык буклеттер таратылып, абитуриенттерди кызыктырган кабыл алуу шарттары, адистиктер, студенттик жашоо жана кошумча мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин координаторлору Темирбекова Медина менен Бектурсунова Сумая окуучулар менен жандуу баарлашуу өткөрүшүп, студенттердин активдүү жашоосу, спорттук жана коомдук иш-чаралар тууралуу айтып, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Мектеп окуучулары Улуттук университеттин шарттарына жогору баа берип, келечекте бул окуу жайында билим алууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, мындай тааныштыруу экскурсиялары жаштардын кесип тандоосуна туура багыт берип, окуучулардын жогорку билимге болгон кызыкчылыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.