Кыргызстан менен Кытай жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыктын перспективаларын талкуулады
2025-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү министрдин орун басары Нурлан Кубатович Омуровдун жетекчилиги алдында Кытайдагы жасалма интеллект технологияларынын алдыңкы иштеп чыгуучуларынын бири болгон iFLYTEK компаниясынын жетекчилиги менен бейрасмий жолугушуу өткөрүштү. Компания делегациясын КМШ өлкөлөрү боюнча башкы директору Хан Минцзе мырза жетектеди.
Жолугушуу учурунда Хан Минцзе мырза iFLYTEK компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып, сөз таануу жана үн синтези, үн интерфейстери жана автоматташтырылган котормо боюнча негизги иштелмелерине токтолду.
Бул технологиялар Кытайдагы билим берүү мекемелеринде, медициналык уюмдарда жана мамлекеттик түзүмдөрдө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле компания Кыргыз Республикасы менен билим берүү тармагында кызматташтыктын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатканын баса белгиледи.
Хан мырза Кыргызстандын университеттерине инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүү жана ИИ негизиндеги санариптик чечимдерди окуу процесстерине киргизүү боюнча сунуштарын айтты.
Ал өзгөчө, компаниянын кыргыз тилин таануу боюнча маалымат базасы түзүлгөнүн жана аны мындан ары кыйла кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Анын пикиринде, бул жасалма интеллект аркылуу кыргыз тилиндеги билим берүү контентинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Министрдин орун басары Нурлан Омуров кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өзгөчө маанисин, орус тилинин расмий статусун жана билим берүү системасында англис тилинин ролу өсүп жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында маалымат жана кызматташуу боюнча сунуштарды алмашуу, меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароо жана практикалык ишке ашыруу үчүн биргелешкен долбоорлорду аныктоо макулдашылды.
