Базар-Коргон шаарында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды
17 ноябрь

Базар-Коргон шаарында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды

Базар-Коргон шаарынын Совет айылында Баказ Абдрашев атындагы №60 орто мектебинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Билим уясы 150 орунга ылайыкталган.

Мектеп “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен курулган.

Долбоордун жалпы наркы 101 миллион сомду түзөт. Имараттын курулуш иштери 2024-жылдын июлунда башталган.

Мектептин ачылышына облус башчысы Тилек Текебаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.