Жаңы окуу жылына карата Манас шаарындагы мектептер текшерилүүдө
Манас шаарынын аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин 2026–2027-жаңы окуу жылына даярдыгын баалоо максатында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты.
Текшерүү иштерине мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов, Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Манас шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, электр тармактар ишканасынын (РЭС) жана «Жылуулук» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышууда.
Комиссиянын ишинин алкагында мектептердин имараттарынын техникалык абалы, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздалышы, ошондой эле жаңы окуу жылына даярдыгы жеринде текшерилүүдө.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы этап-этабы менен каралат.
