ЖК депутаты АКШнын Миссури университетинин студенттерине кыргыз парламентинин тарыхы жөнүндө айтып берди
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева АКШнын Колумбия шаарындагы алдыңкы мамлекеттик изилдөө институттарынын бири болгон Миссури университетинин студенттери жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда эл өкүлү өзүнүн кесиптик жолу, саясий ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып, бул тармакта топтогон узак жылдык тажрыйбасы тууралуу ой бөлүштү.
Ошондой эле кыргыз парламентинин тарыхы, мыйзам чыгаруу органынын иши жана мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандар жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун андан аркы бөлүгүндө студенттер эл өкүлүнө өздөрү кызыккан суроолорду узатышып, айрыкча Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар, мыйзам кабыл алуу механизмдери, өлкөдөгү жаштар саясатынын орду жана коңшулаш мамлекеттер менен алакаларды бекемдөө сыяктуу темаларга кызыгуу артышты.
Иш-чаранын соңунда депутат Эльвира Сурабалдиева студенттерге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан дүйнөнүн билимдүү жаштары менен түрдүү багытта тажрыйба алмашууга ар дайым кызыкдар экенин билдирди.
