2027-жылдан тарта мектептеги тамак-ашка каржылоо дээрлик үч эсеге көбөйөт
2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда 1–4-класстын окуучуларына мектептеги тамак-аш үчүн каржылоонун ченеми бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүлөт.
Бул тууралуу Агартуу министрлиги Манила шаарында 6–8-октябрь күндөрү өтүп жаткан «Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы – 2026» эл аралык иш-чарасына Кыргызстандын катышуусунун алкагында билдирди.
Каржылоонун көбөйүшү мектептеги тамак-аштын сапатын жана түрдүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын азайтууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Эл аралык иш-чара Азия өнүктүрүү банкы тарабынан «Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, туруктуу келечек» деген темада уюштурулган. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, жеке сектордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык коргоо системаларынын туруктуулугу, адам капиталын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасы талкууланууда.
Кыргызстандын атынан Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Мектептеги тамактануу коалициясынын улуттук координатору Мирбек Рахматильдеев катышууда.
Ошондой эле иш-чарага БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кодзиро Накай жана мектептеги тамактануу боюнча программалык саясат боюнча адис Аида Афтандилова катышууда.
7-октябрда Мирбек Рахматильдеев «Тамактануудан да маанилүү: туруктуу келечек үчүн мектептеги тамактануу» аттуу панелдик сессияда баяндама жасап, Кыргызстандын мектептеги тамактануу программасын өнүктүрүү жана туруктуу мамлекеттик системаны калыптандыруу боюнча тажрыйбасын тааныштырат.
