Евразия чөлкөмүндө билим берүү мейкиндигин түзүү демилгеси талкууланууда
Евразия чөлкөмүндө билим берүү мейкиндигин түзүү демилгеси талкууланууда. Бул тууралуу Кыргызпатенттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана Евразиялык өнөктөштүккө кирген башка өлкөлөрдүн катышуусундагы биргелешкен мамлекеттер аралык жумушчу топтун жыйынына катышууда.
Жыйында билим берүү системасын интеграциялоо, бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ага ылайыктуу санариптик платформа иштеп чыгуу маселелери каралууда.
Бул демилге Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөр ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоону максат кылат.
