Таластын Кара-Арча айылында жаңы бала бакча салынууда
Курулуш министрлиги
16 апрель

Таластын Кара-Арча айылында жаңы бала бакча салынууда

Курулуш министрлиги тарабынан Талас облусунун Манас районунун Кара-Арча айылында 50 орундуу бала бакча курулууда.

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, наркы 22,8 миллион сомду түзөт.

Бала бакча заманбап үлгүдө салынып, балдар үчүн бардык шарттар каралат. Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 75% аткарылды.

Курулуштун ар бир этабы текшерилип, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.