Мелисбек Музулманов министрликтин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды
17 февраль

Мелисбек Музулманов министрликтин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 17-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысы Мелисбек Музулмановду эмгек жамаатка тааныштырды.

Мелисбек Музулманов Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы №11-4\25 буйругуна ылайык бул кызматка дайындалды.

Буга чейин ал Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.