Догдуркүл Кендирбаева “Ак Суу” лицейине күтүүсүз иш сапары менен барды
Агартуу министрлиги
10 август

Догдуркүл Кендирбаева “Ак Суу” лицейине күтүүсүз иш сапары менен барды

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 8-августта “Ак Суу” республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейине күтүүсүз иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Анда министр лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, мекеменин жамааты менен биргеликте лицейди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Өзгөчө көңүл лицейди капиталдык оңдоп-түзөө жана жаңы корпус куруу, окуу-методикалык жабдуулар менен камсыз кылуу, окуучулардын контингентин түзүү, окуу процессин уюштуруу жана билим алуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу маселелерине бурулду.

Ошондой эле дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, алдыдагы өндүрүштүк практиканы уюштуруу, лицейдин иш берүүчүлөр жана туристтик тармактын өкүлдөрү менен мындан аркы кызматташуусу талкууланды.

Жыйынтыгында лицейдин мындан аркы ишмердүүлүгүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Белгилей кетсек, лицей 2026–2027-окуу жылына алгачкы абитуриенттерди кабыл алууда.