«Окуу китеби» окуу китептеринин сапатына байланыштуу суроолордон кийин текшерүүлөргө даяр экенин билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 сентябрь

«Окуу китеби» окуу китептеринин сапатына байланыштуу суроолордон кийин текшерүүлөргө даяр экенин билдирди

Мамлекеттик «Окуу китеби» басмаканасы өз ишмердүүлүгүн комиссиялардын, аудиторлордун жана башка ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүсүнө ачууга даяр экенин билдирди.

Мекеме окуу китептерин чыгаруу жана каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте берүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, басмакана 11 жылдык билим берүү системасында колдонулган окуу китептериндеги каталар, так эместиктер жана түшүнүксүз формулировкаларды коомчулукта ачык талкуулоого даяр экенин билдирди.

«Окуу китеби» мындай учурларды адистер, авторлор жана эксперттер менен биргеликте карап, кетирилген кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти аныктоону сунуштады.

Басмаканадан белгилешкендей, учурда билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүүгө байланыштуу жаңы окуу-методикалык комплекстерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2025-жылы 856 млн сомго жакын каражатка 4,7 млн даана окуу-методикалык комплекс чыгарылган. Ал эми 2026-жылы 760 млн сомдон ашык суммага 4,3 млн даанадан ашык окуу-методикалык комплексти чыгаруу боюнча келишимдер түзүлгөн.