ӨКМде кышкы окуу мезгили башталды
8 январь

ӨКМде кышкы окуу мезгили башталды

Бүгүн, 8-январда Республика боюнча ӨКМдин аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын баалоо максатында кезектеги кышкы окуу мезгили башталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата мерчемделген практикалык окутуулар өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатууга, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну мыкты деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

Кышкы окуу мезгили аскер кызматындагы куткаруучулардын күжүрмөндүгүн бекемдейт.