Альберт Махметкулов билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды
18 март

Альберт Махметкулов билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Альберт Махметкулов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеси министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. 

Министрликтен ал бул позицияда башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү тармагын, ошондой эле илим тармагын тескей тургандыгын кошумчалашты.