Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында жаңы мектеп курулууда
8 сентябрь

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында наркы 89 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

150 окуучуга ылайыкталган билим уясынын курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоордун алкагында заманбап негизги окуу класстары менен катар лаборатория, китепкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер жана спортзал каралган.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылып, мектепти быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.