Ысык-Көлдө Кичи-Жаргылчак айылында жаңы 100 орундуу бала бакча курулду
27 август

Ысык-Көлдө Кичи-Жаргылчак айылында жаңы 100 орундуу бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу аяктады.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 74 млн сомду түздү.

Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 873 чарчы метрди камтыйт. Анда:

• тайпалык окуу класстары,
• оюн жана уктоо бөлмөлөрү,
• ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кабылдама,
• көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы бар.

Жаңы бала бакча айылдын бөбөктөрүнө 31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилет.