Кыргызстанда орус жомоктору, кол өнөрчүлүгү жана элдик оюндары 700дөй окуучуну бириктирди
29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында “Достук көпүрөсү: Россия жана Кыргызстан” эл аралык программанын биринчи нөөмөтү аягына чыкты. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 700дөй окуучу анын катышуучуларынан болушту.
Нөөмөттүн жүрүшүндө балдар Россиянын маданияты, салт-санаасы жана тарыхы менен таанышуу аркылуу орус тилин үйрөнүштү. Окуучулар интерактивдүү сабактарга, интеллектуалдык оюндарга, чыгармачыл мастер-класстарга, фестивалдарга жана лагердин жалпы иш-чараларына катышышты.
"Улуу жана кудуреттүү: элдик салттар аркылуу орус тилин үйрөнөбүз" аталыштагы сабак программанын негизги окуяларынын бирине айланды. Ага катышкандар кириллицанын тарыхы менен таанышып, орус макал-лакаптарын жана эски сөздөрдү талдап, ошондой эле өздөрүнүн "үй-бүлөлүк салттар китептерин" жаратышты.
Башка сабактарда балдар орус жомоктору, ырлары, тегеренме бийлери, кол өнөрчүлүктөрү жана элдик оюндары менен таанышышты. Окуучулар талкуулар, топтук тапшырмалар, презентациялар жана чыгармачыл долбоорлорду даярдоо учурунда жаңы сөздөр менен сөз айкаштарын колдонушту.
“Нөөмөт учурунда балдар жаңы орусча сөздөрдү гана үйрөнбөстөн, аларды бири-бири менен баарлашууда дайыма колдонуп турушту. Биз үчүн тилдин оюнду, ырды, чыгармачыл тапшырманы же командалык чыгууну коштогон жалпы иш-аракеттин бир бөлүгү болушу өзгөчө маанилүү. Анын жардамы менен бала ката кетирүүдөн коркпой, орус тилинде ойлорун эркин билдирүүгө өтөт”, – деп белгиледи “Достук көпүрөсү: Россия жана Кыргызстан” долбоорунун программалык директору Нина Чистякова.
Биринчи нөөмөт 23-июлдан 29-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Алтын-Балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо борбору" мамлекеттик мекемесинин аймагында өттү.
"Достук көпүрөсү" программасы "Менин тарыхым" гуманитардык илимдерди колдоо фонду тарабынан Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылат. Анын максаты – чет өлкөлөрдө орус тилин жана Россиянын билим берүүсүн жайылтуу. Кыргызстанда долбоор үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жатат.
2024-жылдан бери программага дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн 3 миңге жакын чет элдик балдар катышты. Быйыл Эл аралык "Артек" балдар борборунда эки, Тажикстанда эки, Өзбекстанда бир нөөмөт болуп өттү.
Кыргызстандагы нөөмөт менен катар программа Бүткүл россиялык "Океан" балдар борборунда да өтүп жатат. Жылдын аягына чейин "Достук көпүрөсү" Абхазияга жана Арменияга да барат, ал эми күзүндө балдарды Бүткүл россиялык "Смена" балдар борборунда чогултат.
