Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын окуу жылына даярдыгы боюнча координациялык комиссия өттү
Муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Мэриядан кабарлашкандай, жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдыгы тууралуу маселе каралды.
Уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбековдун айтымында, 2025-жылдын июль айында билим берүү мекемелеринде текшерүү өткөрүлгөн.
Жыйындын жыйынтыгында шаар мэри Айбек Жунушалиев 4 райондун башчысына, Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына, Капиталдык курулуш башкармалыгына, Билим берүү департаментине мектеп жана бала бакчалардын даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырды.
Мыйзам бузуулар аныкталып, жоюу боюнча талаптар өз убагында аткарылбаган учурда, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле 2025-жылга пландаштырылган бардык социалдык объектилердин курулушун бүткөрүп, пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу милдеттендирилди.
